[go: up one dir, main page]

Мазмунга өтүү

Клетка

Википедия дан
клеткалар (Allium cepa)

Клетка — өсүүгө, өнүгүүгө, азыктанууга, өрчүүгө, дем алууга жөндөмдүү болгон тирүү организмдердин элементардык бирдиги.

Жаныбарлар болобу, өсүмдүктөр болобу же козу-карындар болобу, баардыгы клеткадан турушат. Ушул өзгөчөлүгү боюнча тирүү организмдерди бир клеткалуу жана көп клеткалуу деп бөлүп карайбыз. Клетканын жашоо тиричилигин окутуп үйрөтүүчү илим биологиянын бир бөлүгү — цитология.