Эстроген
Көрүнүш
Эстроген – аялдын жыныс гормондору (эстрадиол, эстриол, эстрон). Энелик безинин фолликуласы, плацента (баланын тону), бир аз бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышы бөлүп чыгарат. Э-де 18 углероддун атому бар. Э. сүт эмүүчүлөрдүн ургаачыларынын жыныс системасынын структурасын жана жыныстык белгилерин өнүктүрүүгө керек. Э-дин эң активдүү гормон – эстрадиол. Бул ургаачылардын гормондору организмде дезокси рибонуклеаза ферментинин активдүүлүгүн жогорулатат жана углеводдун, белоктун, пурин негиздеринин организмде алмашуусуна таасирин тийгизет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Биология:Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4