[go: up one dir, main page]

Мазмунга өтүү

Инсулин

Википедия дан

Инсулинжаныбарлардын жана адамдын уйку бези иштеп чыгаруучу белоктуу гормон.

Химиялык жол менен синтезделген гормондордун эң алгачкысы. Инсулин организмдин глюкозаны сиңирүүсүн, боордо гликогенди синтездөөнү жана анын булчуң талчаларында топтолуусун камсыз кылат, майдын пайда болушун, белоктун синтезин күчөтөт. Инсулинди көп өлчөмдө куйганда глюкозанын көбү кандан скелет, жүрөк булчуңдары, эмчек жана башка органдардын клеткаларынын ичине өтөт. Натыйжада глюкоза канда азайып, нерв системанын клеткаларына жетишсиз келет. Ошондуктан, мээ менен жүлүнгө глюкоза жетишпей мээнин иши бузулуп, инсулин шогу, башкача айтканда гипогликемия пайда болот. Бул абал глюкозанын кандагы өлчөмү 45—50 мг % ке түшкөндө (нормада ал 80—120 мг %) болот. Глюкозаны венага куйганда инсулин шогу жоголот. Инсулиндин жетишсиздиги кант диабетине алып келет.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8