[go: up one dir, main page]

КурскРоссиядагы шаар. Курск облусунун администрациялык борбору. Сейм дарыясынынын боюнда жайгашкан. Калкы 410,8 миң (2009). темир жол тоому. Аэропорту бар. Курск аркылуу «Крым» федерация автотрассасы өтөт. Болжол менен 9-кылымда пайда болгон. Шаарга 2006-жылы «Жоокер даңкы шаары» наамы берилген. Эркектер кечилканасы (1613), чиркөөлөр, 17—19-кылымдын архитектуралык эстеликтери (анын ичинде князь Ромодановскийдин палатасы), Троица собору, шаардын четинде үй-чарбактар ж. б. көптөгөн архитектура эстеликтери сакталган. Улуу Ата Мекендик согушта немис баскынчылары басып алган (1941—43) Курск салгылашынын (1943) жүрүшүндө шаар катуу талкаланууга учураган. Согуштан кийин калыбына келтирилген. Бир нече эстеликтер (анын ичинде «Курск» кемесинин экипажына, 2003) жана мемориалдык эстеликтер тургузулган. Машина куруу [ишканалары: «Маяк» (дозиметр, радиацияны көзөмөлдөөчү приборлор), «Прибор» (авиация приборлору, радиоэлектроника жабдуулары ж. б.), аккумулятор, электр-аппаратура ж. б.], химиялык (химиялык була, резина-техникалык буюмдар), химиялык-фармацевтика («Фар-мстандарт»; негизинен парацетамол чыгарат), жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттер, ИИИлер, институттар, театрлар, филармония, музейлер (анын ичинде край таануу, Курск салгылашынын аскер-тарыхы; 1963), сүрөт галереясы бар. Жыл сайын бүткүл Россиялык ыр, романс, искусство фестивалдары өткөрүлүп турат.

Отурукташкан жай
Курск
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө [[Орусия]]
Координаттар 51°43′ с. ш. 36°11′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 3 округ
Мэр Игорь Куцак
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 25-сентябрь 1032-жыл
Биринчи белгиленген 1032-жыл
Климатынын түрү мелүүн континенталдык
Убакыт аралыгы UTCUTC+03:00
Калкы
Расмий тили [[орус тили]]
Калкы 436,678 адам (2024)
Жыштыгы 2289,27 адам/км²
Улуттук курамы орустар, украиндер, ж.б. элдер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +7 4712
Почта индекси 305000
Автоунаа коду 46
Расмий сайты https://www.kurskadmin.ru/  (орусча)
<div class="location-map " style="width:Жазуу катасы: "russia" белгисиз сөзү.px;border:none;margin:0 auto">

Колдонулган адабияттар

түзөтүү