.au
.au | |
Ишке кириши |
1986-жылы |
---|---|
Тип | |
Макамы |
колдонууда |
Каттоочу уюм |
көп |
Уюштуруучу |
.au Domain Administration |
Максаты |
Австралия менен байланышкан объекттер |
Колдонулушу |
Австралияда колдонулат |
Каттоодо болгон жолтоолор |
Австралияда жайгашкан уюмдар жана мекемелер өзүнө гана каттай алышат |
Түзүмү |
экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот |
Документтер | |
Талаш-тартыштарды чечүү |
.au Dispute Resolution Policy (auDRP), Complaints (Registrant Eligibility) Policy |
Сайт |
.au — Австралия үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен.
Каттоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Учурда сайттарды түз .au доменинде каттоого тыюу салынган. .au доменинин учурдагы эрежелери, сайттардын категорияларына карап экинчи деңгээлдеги домендерде каттоого талап кылат.
Экинчи деңгээлдеги домендер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- .com.au — коммерциялык мекемелер үчүн;
- .net.au — коммерциялык мекемелер үчүн (башында провайдерлер үчүн, бирок кийинчерээк колдону чөйрөсү кеңейтилген);
- .org.au — ассоцация жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн (башында, башка критерийлерге жооп бербеген уюмдар үчүн);
- .edu.au — билим берүү мекемелери үчүн;
- .gov.au — өкмөт жана анын институттары үчүн;
- .csiro.au — Шериктеш өлкөлөрдүн илимий-өндүрүштүк изилдөө уюмдары үчүн;
- .asn.au — ассоцация жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн;
- .id.au — жеке адамдар үчүн.
Үчүнчү деңгээлдеги домендер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулуп жаткан .gov.au жана .edu.au домендери кеңири категорияларга бөлүнөт. Штаттардын өкмөттөрү жана мектептер жайгашкан жерин чагылдырган домендик аталыштарды колдонушат. Бул үчүнчү деңгээлдеги домендер мамлекеттен көз карандысыз жана штаттар тарабынан башкарылат:
- Виктория — .vic;
- Батыш Австралия — .wa;
- Квинсленд — .qld;
- Жаны Түштүк Уэльс — .nsw;
- Австралиянын Түндүк аймагы — .nt;
- Тасмания — .тас;
- Түштүк Австралия — .sa;
- Австралиянын борбордук аймагы — .act.
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бир нече экинчи деңгээлдеги домендер колдонулбай калды. Бул домендер каттоону токтоткону менен, аларда алар токтотулганга чейин түзүлгөн кээ бир сайттар бар:
- .archie.au — 1990-жылдары Archie ftp архивдеринин хосту. 1. Кийинчерээк иштен чыгарылып салынды;
- .conf.au — конференциялар жана башка кыска мөөнөттүү окуялар үчүн, учурда linux.conf.au гана бар;
- .gw.au — AARNet жабдууларын тейлөө үчүн. Кийинчерээк иштен чыгарылып салынды;
- .info.au — ар түрдүү маалыматтар үчүн;
- .otc.au — X.400 даректери үчүн картографиялык домен. Кийинчерээк иштен чыгарылып салынды;
- .oz.au — австралиялык сайттар үчүн тарыхый домен. .oz башында Австралия үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен болгон, бирок кийинчерээк .au га алмаштырылып, .oz зонасында бардык домендер .oz.au доменине өзгөртүлгон;
- .telememo.au — X.400 даректери үчүн картографиялык домен. Кийинчерээк иштен чыгарылып салынды.