[go: up one dir, main page]

Мазмунга өтүү

Тараз

Тараз (каз. Тараз / Taraz) — Түштүк Казакстандагы шаар. Жамбыл облусунун административдик борбору.

Жамбыл облусунун борбор шаары
Тараз
Тараз шаарынын сүрөтү.
Герб
Герб
Өлкө [[ Казакстан]]
Координаттар 51°11′ с. ш. 71°24′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү Ак-Булак, Кара-Тоо, Жайлоо, Салтанат, Кара-Суу, Талас, Шамаал, Ала-Тоо, Миң-Булак, Аса, Жансая, Астана, Байтерек, 14, Улуу-Талаа.
[[Аким]] Бакытжан Орунбеков
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү б.з.ч 200-жыл
Мурунку аталышы 1836 чейин — Олуя-Ата,
1936-1938 — Мирзоян,
1938-1993 — Жамбул,
1993-1997 — Жамбыл,
1997 — Тараз
Аянты 187,87 км2 км²
Борборунун бийиктиги 610 метр м
Климатынын түрү кескин континенттик
Убакыт аралыгы [[UTCUTC+05:00]]
Калкы
Расмий тили [[Казак тили]]
Калкы 431 160[1] адам (2024)
Улуттук курамы казактар
орустар
Диний курамы мусулмандар, православдар ж.б.
Этнохороним тараздык
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +7 7262
Почта индекси 080000 — 080045
Расмий сайты шилтеме
 (казак.)  (орусча)

Турак-жай комплекстери: Аэропорт, Барысхан, Бурул, Гидрокомплекс, Грэс, Алыскы Кара-Суу, Дорожник, Жалпак-Дөбө, Зелёный ковёр, Казпосёлок, Карасай, Карасу[2], Кирпичный Завод, Коктем, Кумшагал, Кызылабад, Сахарный завод, Солнечный, Тектурмас, Телецентр, Торткуль, Турксиб, Хамукат, Шолдала.

Талас дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 350,3 (2013). Темир жол түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. Химиялык (сары фосфор, фосфор жер семирткичи ж. б.), жеңил, тамак-аш, машина куруу, металл иштетүү өнөр жай, курулуш ишканасы иштейт. Шаар 5–16-кылымга таандык. Алгач Византия императору Юстин IIнин 568–69-жылдары түрк каганына жиберген элчиси Земарх тын маалыматында кезигет. 630-жылы келген Сюань-Цзяндын кабарында Тараздын (Та-ло-се) айланасы 8–9 лини (1 ли=576 м) түзүп, шаарда ар кайсы өлкөдөн келген көпөстөр жашаган. 751-жылы Зияд ибн-Салих жетектеген арабдардын колу Таразга жакын жерде тан аскеринин колун талкалаган. 893-жылы шаарды саманид Исмаил бен Ахмед басып алып, шаар тургундарын ислам динине киргизген жана Сайрам (Исфижаб) округуна каратылган. 9–10-кылымда Тараз карлуктардын карамагында калып, 11–12-кылымда Караханиддердин тушунда гүлдөгөн шаарга айланган. Монголдордун тушунда Жаңы (Ианги) – Тараз деген ат менен кезиге баштайт. 13–15-кылымда Чагатай улусунун, 15–17-кылымда тимуриддер жана шейбаниддер мамлекетинин курамына кирип, Жуңгар хандыгынын тушунда Тараз урандыга айланган. 1938–39-жылдары A. Н. Бернштамдын жетекчилиги алдында казуу иштери жүргүзүлгөн. Үч жогорку окуу жайы (анын ичинде университет), медициналык жана политехникалык колледждер, лицейлер, гимназиялар, медресе (диний билим берүүчү), театрлар (анын ичинде Абай атындагы драма), китепканалар бар. Мавзолей (11-кылым, 20-кылымда кайрадан оңдолуп, түзүлгөн) сакталган. Таразда 2013-жылы жеке менчик «Жүрөк» кардиохирургия клиникасы ачылып, ал жүрөккө татаал операцияларды жасап келүүдө.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. https://stat.gov.kz/api/iblock/element/region/100337/file/ru/
  2. Кара-Суу району менен адаштырбаңыз