Тамбов
Көрүнүш
Тамбов – Россиядагы шаар, Тамбов областынын административдик борбору. Цна дарыясынын боюнда.. Калкы 280,9 миң (2012). Темир жол түйүнү. Машина куруу (химиялык өнөр жайына жабдуу ж. б.), химиялык, тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. Жогорку окуу жайлар (Тамбов мамлекеттик техникалык университети ж. б.), 4 театр (анын ичинде драма жана куурчак), музейлер, сүрөт галереясы, эс алуу парктары, мейманканалар, ири соода түйүндөрү ж. б. бар. Шаар 1636-жылы негизделген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9