[go: up one dir, main page]

Мазмунга өтүү

Сереп

Википедия дан

Серепадабият таанууда бир улуттун адабиятыиын белгилүү бир мезгил ичиндеги, же конкреттүү бир жазуучунун, же газета-журналдардын материалдарын жалпылаштырып жазган макалалар.

Бир мезгилдин адабияты тууралуу сереп берилсе, ошол мезгилде чыгармачылык активдүүлүкто болгон жазуучулардын башкы тематикасы, башка мезгилден айырмалап турган негизги тенденциялары, ал мезгилдеги адабий процесстин мүнөздүү ийгиликтери жана кемчиликтери жөнүндө жалпылаштырылган кеп болот. Эгерде бир жазуучунун же акындын чыгармачылыгына арналган болсо, ошол жазуучу же акындын чыгармачылыгынын негизги баскычтары, ар бир баскычынын өзүнө таандык артыкчылыктары, художниктин жетилүү даражасы, анын негизги булактары жалпылаштырылып көрсөтүлөт. Ошондой эле серептер кайсыл бир тематиканын белгилүү бир мезгилдеги өнүгүшү жөнүндө да жазылат. Мисалы: «Азыркы кыргыз драматургиясы», «Улуу Ата мекендик согуш мезгилиндеги кыргыз поэзиясы» ж. б. Айрым бир газета-журналдардын материалдары боюнча мезгилдик серептер да жазылат. Мисалы, «1984-жылы «Ала-Тоо» журналына жарыялантан сын макалаларга обзор» ж. б.

http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine