[go: up one dir, main page]

Мазмунга өтүү

Батыш Казакстан облусу

Википедия дан
Батыш Казакстан облусу
каз. Батыс Қазақстан облысы
Герб
Герб
Өлкө

 Казакстан

Административдик борбор

Орол

Аянты

151 339 км² км² (5,6 %, 8- орунда)

Тууралыгы

км

Узундук

км

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}


Батыш Казакстан облусу (каз. Батыс Қазақстан облысы; 1962-96-ж. Орол облусу) — Казакстан Республикасындагынын батышында жайгашкан облусу. 1932-ж. 10-мартта уюшулган.

Негизги маалымат

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аянты 151,3 миң км2. Калкы 617,6 миң (1999). Борбору Орол ш. Шаар калкы 41%. Ири шаарлары: Орол, Аксай. Облуста 12 администрациялык район, 2 шаар, 4 шаарча бар. Басымдуу бөлүгү Каспий ойдуңунда жайгашкан; түндүгүн Жалпы Сырттын тармактары (бийиктиги 263 м ге чейин) ээлейт. Аймагында негизинен кумдуу жалдар менен ойдуңдар (абсолюттук бийиктиги 45-65 м ден ашпайт) айкалышып жатат.

Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы -11°...-14°С (кээде -40°С ге чейин төмөндөйт), июлдуку 22-25°С (40°С ге чейин көтөрүлөт). Жылдык жаан-чачыны 190-350 мм. Ири дарыясы Урал. Облуста 140тан ашык көл бар. Кара жана каштан топурактуу, айрым жерлерин шор баскан. Дүйүм чөп-дан өсүмдүктүү жана ак кылкан-бетегелүү талаа, шыбак-дан өсүмдүктүү жарымчөл басымдуу.

Облус мунай жана газга (газ-конденсат) бай; ошондой эле калий, магний туздары, курулуш материалдары казылып алынат. Өнөр жайынын негизги тармактары: машина куруу, металл иштетүү, тамак-аш, жеңил, булгаары-буткийим, баалуу тери ашатуу, балык ж. б. Айыл чарбасы негизинен буудай, арпа эгүүгө жана эт-сүт багытындагы мал асыроого багытталган. Кой, бодо мал, жылкы багылат. Негизги автоунаа жолдору Орол-Атыроо, Орол-Ак төбө, Орол-Оренбург. Казакстандын ири шаарлары, ошондой эле чет мамлекеттердин айрым шаарлары менен аба катнашы бар.

Кашаган май соргучу.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4