[go: up one dir, main page]

Jump to content

Жалпы жүрүм-турум кодекси

From Wikimedia Foundation Governance Wiki
This page is a translated version of the page Policy:Universal Code of Conduct and the translation is 100% complete.
Жалпы жүрүм-турум кодекси

Жалпы жүрүм-турум кодекси эмне үчүн керек?

Викимедиа долбоорлоруна жана мейкиндиктерине мүмкүн болушунча көп адамдым жигердүү катыштыгы, ар бир адам адамзаттын бардык билими менен эркин бөлүшө ала турган дүйнөгө умтулуубузду ишке ашырат деген ойдобуз. Жамааттарыбыз мүмкүн болушунча ар түрдүү, инклюзивдүү жана жаңылар үчүн ачык болушу керек деп эсептейбиз. Алар кошулуп жаткан же кошулгусу келгендер үчүн жагымдуу, коопсуз жана бакубат чөйрө болушун каалайбыз. Ушул Жүрүм-турум кодексин кабыл алуу жана зарыл болгондо өзгөртүп туруу менен ушундай чөйрөнү сактап калууга умтулабыз. Ошол эле учурда, долбоорлорубузду, алардын мазмунун бузуп же бурмалап жаткандардан коргоп турмакчыбыз.

Викимедиа долбоорлору менен мейкиндиктерине катышкандардын баары Викимедианын миссиясына ылайык:

  • ар бир адам бардык билимдин суммасын эркин бөлүшө ала турган дүйнөнү түзүүгө жардам беришет;
  • бир жактуулуктан жана бейкалыстыктан алыс болгон глобалдуу жамааттын бир бөлүгү болушат;
  • бардык иште тактыкка жана текшерүүгө мүмкүн болушуна умтулушат.

Ушул Жалпы жүрүм-турум кодекси (ЖЖТК) күтүлүүчү жана жол берилгис жүрүм-турум боюнча минималдуу көрсөтмөлөрдү аныктайт. Ал Викимедианын онлайн жана оффлайн долбоорлору жана мейкиндиктери менен өз ара аракеттенген, салым кошкондордун баарына тийиш. Алардын катарында жаңы жана тажрыйбалуу колдонуучулар, долбоорлордун ыйгарым укуктуу адамдары, иш-чаралардын уюштуруучулары жана катышуучулары, аффилирленген уюмдардын кызматкерлери жана жетекчилиги, ошондой эле Викимедиа фондунун кызматкерлери жана Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү. Жалпы жүрүм-турум кодекси бардык Викимедиа долбоорлоруна, техникалык мейкиндиктерге, жандуу жана виртуалдык иш-чараларга жана төмөнкүлөргө тийиш:

  • купуя, жалпыга ачык жана жалпыга жарым-жартылай ачык өз ара аракеттенүүлөргө;
  • жамаат мүчөлөрүнүн ортосундагы пикир келишпестиктерди талкуулоодо жана тилектештикти билдирүүдө;
  • техникалык өнүктүрүү маселелеринде;
  • мазмунду түзөтүү маселелеринде;
  • аффилирленген уюмдун/жамаатты атынан тышкы өнөктөштөр менен өз ара арекеттенүүдө.

1. Киришүү

Жалпы жүрүм-турум кодекси (мындан ары ― ушул Кодекс) дүйнө жүзү боюнча Викимедиа долбоорлорунда кызматташууга ылайыктуу жүрүм-турумду камсыз кылууда. Жергиликтүү жана маданий контекстти эске алган эрежелерди иштеп чыгуу үчүн жаматтар ушул Кодекстеги минималдуу стандарды сактап, кошумча ченемдерди аныкташы мүмкүн.

Ушул Кодекс бардык викимедиачыларга эч кандай артыкчылыксыз, бирдей колдонулат. Ушул Кодекске каршы келген аракеттер үчүн санкциялар колдонулушу мүмкүн. Санкция ыйгарым укуктуу адам (жергиликтүү шарттарга жараша) жана/же платформалардын мыйзамдуу ээси катары Викимедиа фонду тарабынан колдонулушу мүмкүн.

2. Күтүлүүчү жүрүм-турум

Ар бир викимедиачы, жаңы же тажрыйбалуу түзөтүүчү, жамааттын ыйгарым укуктуу адамы, Викимедиа фондунун же аны менен аффилирленген уюмдун жетекчилигинин мүчөсү же кызматкери болобу, баары тең өз жүрүм-туруму үчүн жооп беришет.

Викимедианын бардык долбоорлорундагы, мейкиндиктериндеги жана иш-чараларындагы жүрүм-турум урматтоого, сылыктыкка, коллегиалдуулукка, тилектештикке жана социалдык жоопкерчиликке негизделет. Бул принциптер курагына, акыл-эс же дене-бой майыптыгына, келбетине, жарандык, диний, этникалык жана маданий тегине, кастасына, социалдык классына, тил билүүсүнө, сексуалдык ориентациясына, иденттүүлүгүнө, жынысына же мансабына карабастан, бардык түзөтүүчүлөр менен колдонуучуларга тийиш. Мындан тышкары, Викимедиа долбоорлорундагы же Викимедиа кыймылындагы репутациясы, шыктары же жетишкендиктери боюнча да артыкчылык кылбайбыз.

2.1. Бири-бирин сыйлоо

Бардык викимедиялыктар башкаларга урмат көрсөтөт деп күтөбүз. Викимедианын онлайн же оффлайн жаатында адамдар менен баарлашууда, бири-бирибизге сый-урмат мамиле кылабыз.

Тактап айтканда, бирок төмөнкүлөр менен чектелбей:

  • Сезимтал болуңуз. Ар түркүн викимедиачылардын айткандарына кулак төшөп, сизге эмне айтайын дегенин түшүнүүгө аракет кылыңыз. Викимедиачы катары өзүңүздүн түшүнүгүңүзгө, күтүүлөрүңүзгө жана жүрүм-турумуңузду сынчыл карап, аларды өзгөртүүгө даяр болуңуз.
  • Ак ниет болуп, конструктивдүү түзөтүңүз. Салымыңыз долбоордун же иштин сапатын арттырышы керек.

Ойуңузду кичи пейилдик жана ак ниет менен билдириңиз жана кабыл алыңыз. Сын этият жана конструктивдүү болушу керек. Каршы далилдер жок болсо, бардык викимедиачылар башкалар долбоорлорду биргелешип өркүндөтүү үчүн катышууда деп ойлошу керек, бирок бул зыянкеч аракеттерди актоо үчүн колдонулбашы керек.

  • Башкалардын өз атаганын жана өзүнүн өз чагылдыруусун урматтаңыз. Адамдар өздөрүн чагылдыруу үчүн кандайдыр бир сөздөрдү колдонушу мүмкүн. Сый катары, ал адамдар менен же алар тууралуу баарлашууда лингвистикалык же техникалык мүмкүнчүлүк аталган сөздөрдү колдонуңуз. Мисалы:
    • этникалык топтор өздөрүн башка элдер аларды атагандай атабашы мүмкүн;
    • адамдардын аттарында сиз билбеген тамгалар, тыбыштар же сөздөр болушу мүмкүн;
    • белгилүү бир сексуалдык ориентациядагы же гендердик иденттүүлүгүндөгү адамдар өздөрүн ар кандай аттарды же ат атоочторду колдонушат;
    • Дене-бой же акыл-эс майыптыгы барлар өздөрүн чагылдыруу үчүн мүнөздүү терминдерди колдонушу мүмкүн.
  • Жандуу жолугушууларда биз баарына сылык мамиледе болуп, бири-бирибиздин каалоолорубузду, чектерибизди, сезимталдыгыбызды, каада-салттарыбызды жана талаптарыбызды сыйлайбыз.

2.2. Сылыктык, жапа тырмак киришүү, бири-бирин колдоо жана жоопкерчиликтүүлүк

Төмөнкүдөй жүрүм-турумга умтулабыз:

  • Cылыктык ― бардык адамдарга, анын ичинде бейтааныштарга карата сылык жүрүм-турум менен баарлашуу.
  • Жапа тырмак киришүү ― жалпы иш менен алектенген адамдардын бири-бирин колдоосу.
  • Бири-бирин колдоо жана жоопкерчиликтүүлүк ― Викимедиа долбоорлорунун жемиштүү, жагымдуу жана коопсуз болушу үчүн, ошондой эле Викимедиа миссиясына салым үчүн жоопкерчиликти кабыл алууну.

Мындан тышкары, бирок төмөнкүлөр менен чектелбейт:

  • Насаатчылык жана машыктыруу: жаңыларга өз жолун табууга жана керектүү жөндөмдөрдөргө ээ болууга жардам берүү.
  • Кам көрүү: жардамга муктаждарга кол сунуп, ушул Кодекске туура келбеген мамилеге кабылгандарды колдоо.
  • Мээнетти баалоо жана барктоо: жардам жана мээнет үчүн ыраазычылык билдирүү. Жумшалган аракеттерди баалап, зарыл болгондо урмат көрсөтүү.

3. Жол берилгис жүрүм-турум

Ушул Кодекс жамааттын мүчөлөрүнө начар жүрүм-турумду аныктоого жардам берет. Викимедиа кыймылынын алкагында төмөнкүдөй жүрүм-турум жол берилгис деп эсептелет:

3.1. Кодулоо

Кодулоого негизинен адамды коркутууга, кыжырын келтирүүгө же капа кылууга максатталган ар кандай жүрүм-турум же ошондой кесепетке алып келет деп айтууга негиз берген жүрүм-турум кирет. Глобалдуу маданияттар аралык чөйрөдө акыл-эси ордунда адам чыдай турган чектен ашып кеткен жүрүм-турум кодулоо деп таанылышы мүмкүн. Кодулоо көбүнчө эмоционалдык зомбулук түрүндө болот, айрыкча аялуу абалда турган адамдарга карата, ал коркутуу же уялтуу максатында иштеген жерге, досторго жана үй-бүлө мүчөлөрүнө кайрылууну камтышы мүмкүн. Кээ бир учурларда, бир жолку аракет болгону үчүн кодулоо катары каралбаган жүрүм-турум кайталанганда кодулоого айланышы мүмкүн. Кодулоого төмөнкүлөр кирет, бирок алар менен чектелбейт:

  • Кемсинтүү: шылдыңдоо, сөгүнүү же стереотиптерди колдонуу, ошондой эле адамдын кайсы бир сапатына негизделген тийшүү. Кемсинтүү адамдын интеллектине, келбетине, этносуна, расасына, динине (динсиздигин), маданиятына, кастасына, сексуалдык ориентациясына, жынысына, майыптыгына, курагына, улутуна, саясий көз карашына же башка мүнөздөмөлөргө тийиш болушу мүмкүн. Кээ бир учурларда, кайталанган шылдыңды, какшыкты же агрессияны жалпылаганда кемсинтүү болуп саналат, ар бирөө обочо андай болбосо да.
  • Сексуалдык ыдык: адамдын жактырбасын билип же андай көңүлүн билиши керек болуп же макулдук алуу мүмкүн болбогон жагдайларда сексуалдык мамиле кылуу же кылыктануу.
  • Коркутуп-үркүтүү: талаш-тартышты жеңүү же кимдир бирөөнү өзүн сиз каалагандай алып жүрүүгө аргасыз кылуу максатында дене-бойго зомбулук, адилетсиз оңтойсуздандыруу, адилетсиз жана жүйөсүз эле кадыр-баркка зыян келтирүү же керексиз соттук териштирүү менен ачык же тымызын коркутуу.
  • Башкаларга зыян келтирүүгө шыкактоо: кимдир бирөөнү өзүнө зыян келтирүүгө же өзүн-өзү өлтүрүүгө, ошондой эле үчүнчү тарапка кол салууга шыкактоо.
  • Жеке маалыматты ачыктоо (доксинг): башка колдонуучулардын уруксатысыз алардын аты-жөнү, иштеген жери, жашаган жери, электрондук почтасынын дареги сыяктуу жеке маалыматын Викимедиа долбоорлорунун алкагында же башка жерден ачыктоо же Викимедиадагы иш-аракеттери тууралуу маалыматты Викимедиа долбоорлорунан тышкары жайылтуу.
  • Куугунтуктоо: негизинен адамдын капа кылуу же көңүлүн чөгөрүү максатында долбоор (долбоорлордун) алкагында ал адамдын аркасынан калбай, ишин кайталап сындоо. Бул көйгөй баарлашып, түшүндүрүү менен чечилбесе, жамааттар аны жамаат аныктаган атайын тартип боюнча чечүүгө келиши мүмкүн.
  • Tроллинг: талкууну атайылап үзгүлтүккө учуратуу же азгыруу ниетте жазуу.

3.2. Бийликти, артыкчылыктарды, таасирди кыянат пайдалануу

Кыянаттык ― бийликтен, артыкчылыктан же таасирден пайдаланып, башка адамдарга карата сыйлабастык, ырайымсыздык жана\же зомбулук көрсөткөн жүрүм-турум. Викимедиа чөйрөсүндө ал оозеки же психологиялык зомбулук түрүндө болушу мүмкүн болуп, кодулоо сыяктуу болушу ыктымал.

  • Ыйгарым укуктуулардын, кызмат адамдарынын жана персоналдын кызмат абалынан кыянат пайдалануусу: ыйгарым укуктарга ээ болгондордун, Викимедиа фондунун же ал менен аффилирленген уюмдардын кызмат адамдарынын же персоналдын өз бийлигин, билимин же ресурстарын колдонуу менен кимдир бирөөлөрдү коркутуп-үркүтүүсү.
  • Кадыр-баркын жана карым-катнаштарын кыянат пайдалануу: башкаларды коркутуу үчүн алардын абалын жана кадыр-баркын колдонуу. Викимедиа кыймылында чоң тажрыйбага жана үзүрлүү карым-катнаштарга ээ адамдар өздөрүн этият алып жүрүшөт деп күтөбүз, анткени алардын терс пикири алардын ниетисиз терс реакцияны жаратышы мүмкүн. Жамааттын кадыр-баркына ээ адамдар ишенимдүү адамдар деп эсептеле тургандыктан, ушундай артыкчылыктуу абалын алар менен макул болбогон адамдарга каршы кыянат пайдаланбашы керек.
  • Психологиялык манипуляция: талаш-тартышты жеңүү же кимдир бирөөнү өзүн сиз каалагандай алып жүрүүгө аргасыз кылуу максатында кимдир бирөөнү өз кабылдоосуна, сезимдерине же түшүнүгүнө шек саноого ынандыруу.

3.3. Вандализм жана долбоорлордон кыянат пайдалануу

Атайылап бир жактуу, жалган, так эмес же орунсуз мазмунду кошуу жана мазмунду жаратууга (жана/же колдоого) тоскоол болгон же башкача татаалдаштырган аракеттерди жасоо. Буга төмөнкүлөр кирет, бирок алар менен чектелбейт:

  • Тийиштүү талкуусуз же түшүндүрмөсүз кандай болбосун мазмунду кайра-кайра эле өзүм билемдик менен же түрткүсүз жок кылуу.
  • Фактылардын же көз караштардын белгилүү бир чечмелөөлөрүнүн пайдасына мазмунду такай бурмалоо (анын ичинде ишенимсиз булактарды же билип туруп, жалган булактарды келтирүү жана маалымат берүүнүн туура ыкмаларын өзгөртүү аркылуу).
  • Кимдир бирөөнү же топторду ким/кимдер экендигине же жеке ишенимдери үчүн каралоо, басынтуу, бөлүп-жаруу максатында ар кандай түрдөгү жек көрүүчү же басмырлоочу тилди колдонуу.
  • Энциклопедиялык, маалыматтык колдонуу контекстинен тышкары адамдарды коркуткан же аларга зыян келтирген символдорду, сүрөттөрдү, категорияларды, тегдерди же башка андай мазмунду колдонуу. Ошондой эле, мындай жүрүм-турумга маргиналдаштыруучу же окчундатуучу практиканы таңуулоо кирет.